Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Сооронбай Жээнбеков Путинди куттуктады

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди кайрадан Орусия президенти болуп шайланышы менен куттуктап телеграмма жөнөттү.

Мамлекет башчынын айтымында, Путиндин Орусиянын президенттигине кайрадан тандалышы, элдин ага болгон ишениминин жана ал жүргүзгөн саясатты колдой турганын билдирет.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык мамилеси жана кызматташтыгы жогорку деңгээлде кала берерин айтып, мындан ары да эки тараптуу кызматташуу өнүктүрүлөрүн билдирди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн таңга карата 92,90% бюллетендерди эсептөөдөн кийин талапкер Владимир Путин шайлоочулардын 76,50 пайыздан ашык добушун алганын билдирди. Жалпысынан Путинге 49,9 миллиондон ашык Орусия жарандары өз добушун берген.