Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Владимир Путин биринчи турда эле 76,50% добуш менен алдыга чыкты

Орусияда 18-март күнү болгон президенттик шайлоо жыйынтыкталды. Жалпы 22 саатка созулган добуш берүү Чукоткадан башталып, Калининградда аягына чыкты.

Орусия Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн таңга карата 92,90% бюллетендерди эсептөөдөн кийин талапкер Владими Путин шайлоочулардын 76,50% ашык добушун алганын билдирди. Жалпы алганда Путинге 49,9 миллиондон ашык Орусия жарандары өз добушун берген.

Ал эми экинчи орунга 11,97% менен Коммунисттер партиясынан талапкер Павел Грудинин чыкты, андан соң 5,80% менен Либерал демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский жана «Жарандык демилге» партиясынан талапкер Ксения Собчак 1,60% менен келе жатат. Калган талапкерлердин алган добушу 1 пайызга жеткен эмес. Шайлоого жалпы сегиз талапкер катышкан.

Жалпы шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 67% түздү.

18-март саат 23.00 карата БШК жарыялаган алдын ала маалыматта В.Путин Москва шаарында 71,68%, ал эми Санкт-Петербургда 76,66% добуш алганы да көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, Крым аймагы дагы шайлоого алгачкы жолу катышкан. Ал жакта Путин шайлоочулардын 92% колдоосуна ээ болгонун РИА-Новости жазды. Крымды өз аймагы деп эсептеген Украина өлкө аймагында Орусия жарандарынын добуш берүүсүнө жол берген жок.

Андан тышкары, чет өлкөлөрдө 400 добуш берүү бекеттери уюштурулуп, Бишкек, Алма-Ата, Душанбе, Минск жана Ташкент шаарларында добуш берүү узун кезек менен өткөн. Дүйнөнүн көптөгөн шаарларындагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да добуш берүү жигердүү өткөнү кабарланды.

В.Путинди шайлоодогу жеңиши менен Рамзан Кадыров баш болгон республика жетекчилери куттукташты. Андан тышкары, Венесуланын мамлекет башчысы дагы куттуктоо жибергени кабарлады.