Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Кыргызстанда китеп кэмп жарманкеси өтөт

Бул иш-чара ушул жумада Бишкек жана Ош шаарларында “Ыйман” фондунун демилгеси менен өтөт.

Бул – жарандарды китеп окууга үндөөгө багытталып, коомго эң керектүү, пайдалуу китептер менен бирге авторлорду өз окурмандары менен жолуктурган майдан болот. Максаты – Кыргыз жарандарын китепти сүйгөн, барктаган коомго айлануусуна салым кошуу. Ошондой эле, эң көп китеп окуган, окуганын максималдуу түшүнүп ой жүгүрткөн жана дүйнөнү таануу менен өлкөгө пайдалуу жаңылык алып келген жарандарга айлануусун көздөйт. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Тынчтык Бекташев билдирди.

Аталган иш-чара 2 күнгө созулат жана 2 бөлүккө, 2 аянтка бөлүнөт. Жарманкеде учурда эң көп окулуп жаткан китептер болмокчу. Андан сырткары ар түрдүү мастер класстар өтүлөт.

Буга китеп сүйүүчүлөр, катышууну каалаган кыргыз жарандары жана чет элдиктер катыша алышат.