Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Путин менен Бердымухамедов эки тараптуу жана Каспий боюнча кызматташуулар тууралуу телефондо сүйлөшүштү

Орусия менен Түркмөнстандын президенттери телефондо сүйлөшүштү.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу мамилелер жана Каспий кызматташтыктары менен байланышкан маселелер боюнча телефондо сүйлөшүштү.
Орусиянын президенти менен Түркмөнстандын президенти телефондо күн тартибиндеги эки тараптуу карым-катнаштарга байланышкан маселелер, анын ичинде Владимир Путиндин 2017-жылдын октябрь айында Ашхабадга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну карап чыгышты. Өлкө башчылары ошондой эле экономика, соода-сатык, энергетика, гуманитардык жана маданият тармагында өз ара кызматташтыкты күчөтүү максатында кызматташтыктарды улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Мындан тышкары эки өлкөнүн башчылары телефондогу сүйлөшүүлөрүндө Каспий боюнча көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Г. Бердымухамедов сүйлөшүүнүн аягында В. Путинди расмий иш сапары менен Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырды.