Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг 76 жаш курагында көз жумду

Дүйнөдөгү эң белгилүү физик-теоретик Стивен Хокинг 76 жаш курагында көз жумду.

Бул тууралуу Irib News агенттиги AFP агенттигине таянуу менен кабарлады. Анын балдары Роберт, Тимоти жана Люси Press Association агенттиги менен болгон маегинде, “Биз баарыбыз атабыздын дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгыруудабыз. Атабыз улуу окумуштуу жана өзгөчө адам болгон. Анын эмгектери түбөлүктүү жашайт” ,- деп билдиришти.

Стивен Хокингтин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты космология жана кванттык гарвитация болгон. Ал кара тешикти изилдөөгө көп убакыт бөлгөн. Анын бул темадагы китептери дагы белгилүү болгон. Ал "Убакыттын кыскача тарыхы" деген китеби менен дагы белгилүү болгон. Профессор Стивен Хокинг 1942-жылы 8-январда Оксфорддо төрөлгөн. Ал шал оорусу (Шарко же Лу Гериг оорусу) менен азап тартып келген.

Маркум 1980-жылдан 2009-жылга чейин Кембридж университетинде профессор болуп иштеген.