Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

ЮНИСЕФ:Сирия согушунун курмандыктарынын 40%ы балдар

БУУнун алдында эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча аймактык директору Сирия согушунун курмандыктарынын 40%ы балдар деп билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.

Аталган уюмдун өкүлү Гиирт Каппелайрдын айтымында, Сирияда 7 жыл согуш учурунда миңдеген балдар майып болду ошондой эле көп сандаган балдардын дене мүчөлөрү ампутацияланды. Ал белгилегендей, согуш учурунда жарылбай калган мина, бомбалар сириялык 3 миллионго жакын баланын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Сирия согушу балдардын психикасынын бузулушуна себепчи болуп, алардын келечегин коркунучка кептейт деди Каппелайр.

Белгилей кетсек, аймактагы кээ бир араб өлкөлөрү жана батыш өлкөлөрү 2011-жылы террордук уюмдарга колдоо көрсөтүү менен Сирия элине каршы аёосуз согуш баштаган. Анын кесепетинен Сириядагы жүз миңдеген адамдар курман болуп, жаракат алды.