Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Непалдын учурдагы президенти Бидхья Деви Бхандари кайрадан шайланды

Непалдын учурдагы президенти Бидхья Деви Бхандари кайрадан шайланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өлкөнүн шайлоо комиссиясынын жыйынтыгына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бидхья Деви Бхандари шайлоочулардын 39275, анын атаандашы Кумари Лакшми Раи — 11730 добушун алды.

Бул жолу президенттик шайлоого учурдагы президент Бидхья Деви Бхандари- марксистс-лениндик Коммунистик партиясынын лидери жана Кумари Лакшми Раи- «Непал конгресси» партиясынын өкүлү ат сылышты. Бхандари айым президент болгонго чейин айлана чөйрөнү коргоо министри, коргоо министри кызматтарын аркалап келген.

Кошумчалай кетсек, Непалдын президенти мамлекеттин расмий өкүлүнүн гана ролун аткарат жана куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы саналат. Ал эми чыныгы бийлик өкмөт башчынын колуна топтолгон.