Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Арабиядагы сынакта кыргызстандыктан 1-орунду алды

Ош, 12-март, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 10 күнгө созулган улуттар аралык каада-салт жана маданий көргөзмөдө Кыргызстандан барган студенттер 1-орунду ээледи.

Бул тууралуу Ош шаарындагы Ашраф Али мечитинин имамы Дониёрбек Раимжонов Фарсньюс агенттигине билдирди.

Анын маалыматында, бул сынакка 80 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Ага Раимжоновдун шакирттери да барып катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Алар кыргыз улуттук каада-салттарын көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында кыргызстандыктар 1-орунду ээлеп, сыйлыкка 2018-жылы чыгарылган жаңы үлгүдөгү автоунаа утуп алышкан.

Дониёрбек Раимжонов кошумчалагандай, Медина университетинде өткөн бул иш чарага 110дон ашык мамлекеттен барган студенттер жана дүйнө жүзүнөн умрага барышкан зыяратчылар күбө болушкан.