Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Түркиянын“Jet”учагы Иранда кулап түштү

Түркиянын Шаржадан Стамбулду көздөй учуп бара жаткан Jet жеке менчик учагы Күрттөрдүн бир шаарында кулап түштү.

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Кызыл жарым ай коомунун жетекчиси Иран аба мейкиндигинен “Чахар-махал ва-Бахтияри” тоолорунда кулап түшкөн учактын жүргүнчүлөрүн табууга атайын тик учактар жиберилгенин кабарлады. Саид Ахмад Муртазави кырсык болгон жай бийик тоолуу жана карлуу болгондуктан, тез жардамдардын жеткирилүүсү кыйынга тураарын билдирген. “Чахар-махал ва-Бахтияри” аймагынын Кызыл жарым ай коомунун жетекчиси учурда учактын каза болгон 11 жүргүнчүсүнүн арасынан 8нин денелери табылганын жана таанылганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган учук кечээ жергиликтүү саат 18:35де кулаган. Кырсык боюнча жергиликтүү тез жардам уюмуна тез арада кабар берилип, керектүү чаралар көрүлгөн.

Эске салсак, кулаган учактын баардык жүргүнчүлөрү каза болушкан. Берилген маалыматтарга караштуу, Jet учагы мотору күйүп кеткендиктен улам кулаган. Муну аймактын жашоочулары көрүшкөнү маалымдалган.