Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

ЕБ Йемен согушун тез арада токтотууга чакырды

Европа Биримдигинин Йемендеги делегациясынын төрайымы Йемен кризиси саясий жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин баса белгилөө менен “Йемен согушу токтотулушу керек”, - деп билдирди.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, ЕБнин Йемендеги делегациясынын төрайымы Мария Антония Кальфо йемендиктер Сауд Аравиясынын согушунан төрт жылдан бери азап чегип келишээрин жана анда башкаларга караганда аялдар көбүрөөк жабыр тартып жатышканын айтып билдирүү жасады.
Йемен маалымат агенттиги согуш учурунда йемендиктердин кыйналып жатышканын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес экенин, тилекке каршы аялдардын укугу такыр эле эске алынбай жатканын маалымдады.
“Йемен согушу аскердик жол менен чечилбейт. Йеменде согушту жана гуманитардык кризисти токтотуу үчүн түзүлүп жаткан ар бир саясий келишимде аялдардын орду эске алынууга тийиш. Аялдардын ордунун эске алынышынын согуштан кийинки тынчтыкты бекемдөөдө жана коомду калыбына келтирүүдө ролу чоң”, - деди ЕБ өкүлү Мария Антония Кальфо.
Ошондой эле ал Европа Бирмдиги Йемендеги бардык тарапташтар менен келечекти курууда кызматташууга даяр экенин билдирип, “Йемен согушу токтотулушу керек”, -деп баса белгиледи.