Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Меккеде Тажикстандын маданий жана тейлөө борбору ачылды

Тажикстандын Сауд Аравиясындагы элчилиги өлкөнүн Мекке шаарында маданий жана тейлөө борбору ачылганын маалымдады.

Бул тууралуу Fars агенттиги билдирди.
Аталган борбордун имараты Тажиктсандын улуттук архитектурасы менен ар кандай жасалгалар колдонулуп курулган жана өлкөнүн Сауд Аравиясындагы элчисинин аркасында ачылды.
Бул борбордун курулушу мындан эки жыл мурун башталган жана азыркы учурда анда Тажикстандын 60 жараны иштейт.
Борбордо Мекке тургундарына жана меймандарына тажиктердин улуттук тамак-аш жана таттуулары сунушталат.
Ошондой эле борбордо Тажикстандын маданияты, каада-салттары тууралуу маалыматтар жана тажик элинин улуттук өзгөчөлүктөрү менен азембелектер топтолгон атайын алачык даярдалган.