Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Тажикстан менен Пакистан террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташат

Тажикстан менен Пакистан террорчулукка каршы күрөшүүдө кызматташарын билдиришти.
Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен Пакистандын улуттук координатору Ихсан Гани жолугушуп, эи тараптын биргелешип террорчулукка каршы күрөшүүсүн талкуулашты.
Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода эки өлкөнүн ортосундагы террорчулук, экстремизм, маңзаттарды сатуу жана башка коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкка тажик тарап даяр экенин билдирди.
Ихсан Гани дагы өз кезегинде Пакистан Тажикстан менен коопсуздук боюнча кызматташтыкты кеңейтүү даяр экенин билдирип, тажик өкмөтү үчүн өлкөдө тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Эки тараптуу жолугушууга Пакистандын ички иштер министринин орун басары Мухаммад Садык жана Тажикстандагы элчиси Икбал Самра дагы катышышты.