Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Эрдоган: Африндеги операциябызда Орусия менен эч келишпестигибиз жок

Түркиянын президенти кечээ “Зайтун бутагы” операциясында Анкара менен Москванын ортосунда келишпестик жок экенин билдирген.

ISNA агенттигинин Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Режеп Таип Эрдоган пресс конференцияда мындай деген: Африн операциябызда Орусия менен келишпестигибиз жок, ал эми Идлиб боюнча көзөмөлдөө пункттарды пайда кылуу иштерибиз улантылууда жана учурда биз 8 пункт ачтык. Сочиде өткөн үч тараптуу: Түркия, Иран, Орусия менен өткөн жыйыныбыз жакын арада Стамбулда улантылмакчы. Бул арада биз бардык абалдарды караштыруу учуруна ээ болобуз. Ал сөзүнүн уландысында мындай деди: Анкара Орусиядан аскердик курал-жабдыктарды сатып алды жана биздин максатыбыз - мекенибиздин коопсуздугун сактоо. Албетте, сатып алуубуз НАТОнун макулдугусуз аткарылды, бирок биз мындан ары эч бир өлкөдөн мекенибиздин коопсуздугуна кепилдик берүүлөрүн суранбайбыз.
ТРТ теле каналынын маалыматына ылайык, Түркия президенти ошондой эле Американы өз аскерин Манбаждан чыгарып кетүү боюнча берген сөзүнө турбагандыгын айтыптаган.

Белгилей кетсек, Түркия ушул жылдын 20-январында Сирия менен болгон чегараларын тазалоо максатында сириялык козголоңчу күрттөргө каршы “Зайтун бутагы” операциясын баштаган.