Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленүүдө.

Бишкектин көчөлөрүнө студенттер, активдүү жаштар жана шаар тургундары Ак калпак кийип чыгышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги жазды.

Улуттук баш кийим болгон –Ак калпакты чиновниктер жана мамлекеттик ишмерлер кийишти.

Шаар тургундары буга чейин көчөдө ак калпак кийген элдер мынчалык көп болгон эместигин билдиришүүдө.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.