Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Трамп куралданууну көзөмөлдөө мыйзамына каршы чыкты!

Өлкөдө куралданууга каршы нааразычылыктардын арбыганына карабастан Дональд Трамп куралданууну көзөмөлдөө мыйзамына каршы чыкты.

IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Куралдануу Улуттук Ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү Крис Какс мындай деген: “Трамп бул ассоциациянын бейшембиде өткөн отурумунда Америка Конституциясынын кошумчаланган экинчи мыйзамына (жарандардын курал алып жүрүүсүнө берилген укук) колдоо көрсөтөөрүн билдирген.

” Белгилей кетсек, бул отурумдан эки күн мурда Америка президенти Конгресстин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда куралданууну көзөмөлдөөнү күчтөндүрүү керектигин жарыялап, мектептерде коопсуздукту көбөйтүү, психологиялык жактан жабыркагандарга курал бербөө жана курал сатып алуучу адам 21 жаштан жогору болуу керектигин билдирген эле.

Эске салсак, Америкада жыл сайын ок атуудан миңдеген адамдар курман болушат.