Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

АКШынын 2500 аскери басып алынган Палестинага жайгаштырылды

Маалымат булактары басып алынган Палестинага 2500 америкалык аскер сионисттик режим менен биргеликте машыгуу өткөрүү максатында жайгаштырылганын кабарлашты.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, 2500 америкалык аскер шейшемби күнү басып алынган Палестинага жайгаштырылышкан. Белгилей кетсек, америкалык аскер менен сионисттик режимдин биргелешкен машыгуулары 4-мартта башталып, 2 аптаuf уланмакчы. Бул машыгууларда электрондук согуш боюнча үйрөтүүлөр өтөт. Ошондой эле “Темир купол” менен израилдик ракеталык системалар жана “Дөөттүн салмоору ” системалары колдонулмакчы.

Сионисттик режимдин Палестинада кеңири катышуулары менен бирге бул режим менен Американын байланыштары дагы кеңейди. Бул АКШынын сионисттик режимдин региондогу кол салуулары менен аскердик операцияларын колдогонун айгинелейт. Ал эми АКШынын бул режимди каржылык жактан колдогону да жашыруун эмес. Сионисттик режим милитаристтик саясатын пайдаланып, тынымсыз аскердик машыгууларды өткөрүү менен региондук өлкөлөрдө коркунуч жаратып, экспансионисттик саясатын регионго таңуулап келет.