Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Йеменде дифтерия эпидемиясы

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда жалпы өлкөдө август айынан бери 1193 дифтерия оорулуусу аныкталды, 72 киши эпидемиядан улам каза болду.

Эпидемиянын өлкөдөгү 23 облустун 20сында бар экендиги белгиленген маалыматта оорулуулардын эң көп Ибб жана Ел - Худейде облустарында аныкталгандыгы билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан 20 - февралда берилген маалыматта Йемендеги дифтерия эпидемиясында каза болгондордун санынын 66га жеткендиги белгиленген.

Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү колдогон мыйзамдуу өкмөт менен хусилердин ортосунда 3 жылдан бери катуу кагылышууларга сахна болгон Йемен дифтерия менен бирге холера эпидемиясы менен да күрөшүүдө.