Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

Америка Түндүк Ооганстанда B-52 стратегиялык согуштук учагын кандай максатта колдонду?

Photo: 
Body: 

Ооганстандын түндүгү акыркы төрт жылда ар кандай куралдуу топтордун коопсуз жайына айланып келди.

Аймакка Америка аба күчтөрү дагы анча-мынча кол салып турду. АКШнын акыркы жолу кол салууларында Талибан топтору, Чыгыш Түркстан жана Хорасан террорчуларынын кыймылы бутага алынып, анда B-52 бомбалоочу согуштук учактары колдонулган.
17-февралда Американын аскердик булактары Ооганстандын түндүгүнө абадан сокку урушканын маалымдашты. Жарыяланган маалыматарга караганда, Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн аркасында B-52 бомбалоочу согуштук учагы 96 саат бою бир нече аймактарды бутага алып бомбалаган. Ооганстандагы АКШнын борбордук күчтөр командачылыгы (CENTCOM) бул кол салуулардын максатын Талибандын окуу борборлорун, киреше алчу булактарын жок кылуу жана жанкечтилик чабуулдардын алдын алуу деп жарыялашты. Американын башкаруу штабы жарыялаган дагы бир билдирүүдө Бадахшан облусуна, Кытай жана Тажикстандын чек араларына жасалган операцияларда B-52 бомбалагычы менен кол салууларында Талибан менен байланыш түзгөн Чыгыш Түркстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү өлтүрүлгөнүн маалымдашты. Айрым маалымат булактарында B-52 согуштук учагы менен болгон 96 сааттык операцияда бир гана Бадахшан облусуна кол салынды деп маалымдалганы менен Ооганстандын түндүгүндө жайгашкан Шахин-209 бөлүмү жарыялаган маалыматта B-52 согуштук учагы Жаузжан облусунун дагы кээ бир аймактарын бутага алып, анда 25 террорчу каза болгону кабарланган.
2014-жылдан кийин Ооганстандагы согуш аймагы түштүктөн түндүктү көздөй жайылды жана үч жыл ичинде Жаузжан, Фарьяб жана Са́ри-Пуль облусттарынын айрым аймактары Хорасан ИШИМинин аймагына айланды. Ошондой эле Бадахшан,Тахар жана Кундуз облусттары дагы ИШИМ менен Талибандын коопсуз жайы болуп калды. Ооганстандын түндүгүндөгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир нече жолу бул облустун айрым аймактары экстремисттердин колуна түшүп калуу коркунучу бар экенин билдиришкен жана Америка өкмөтү менен күчтөрүнүн аймактын коопсуздугуна кылган мамилесин сынга алып чыгышкан. Бирок, мындан кийин деле бул аймак экстремисттик топтордун коопсуз жайы бойдон кала берди. Ал эми Американын Кундуз шаарына окшогон ири жана стратегиялык шаарлардагы кризис күчөп турса дагы бул аймактардагы куралдуу топторго абадан койгон чабуулдары өтө аз болду. Ал эми февраль айында стратегиялык курал болуп саналган B-52 бомбалагыч учагы менен абадан койгон соккусу “Эмнеге Америка канча жылдан бери Түндүк Ооганстандагы экстремисттик топторго каршы абадан сокку уруусунда кадимки курал-жарак колдонуунун ордуна стратегиялык курал колдонду?” деген суроону жаратат.

Ооганстандагы абал

1. Акыркы жылдары Америка күчтөрүнүн куралдуу топторго каршы жасаган операциялары Ооганстан өкмөтүнүн нааразычылыгын күчөтүп келет жана ооган Парламенти менен Сенатынын бир нече жолу Америка менен коопсуздук келишим түзүү натыйжасыз жана аны жокко чыгаруу керек деп билдирүү жасоолоруна түрткү берди. Американын Ооганстандагы жана Түштүк Азиядагы жаңы стратегиясы АКШ күчтөрүнүн күн тартибине кайрадан Талибанга каршы күрөшүүнү койду жана Вашингтондун Пакистанга кысым көрсөтүүсү белгилүү бир деңгээлде Ооганстан элин канааттандырды. Ошентсе да Ооганстандын түндүгүндөгү жана Голан бийиктиктериндеги куралдуу топтор жана Хорасан ИШИМи менен болгон окуялар Американын аймактагы аскердик милдеттерин аткарып жаткандыгын күмөндөйт. Бул күмөн өзгөчө Хорасан террорчуларына каршы күрөштө көрүнүп турат. Хорасан террорчулары жайылган аймактар айкын болушуна карабай, Американын Хорасан ИШИМине каршы күрөшү Ооганстандын чыгыш аймактары менен гана чектелип келет. Бул түндүктө жайгашкан террорчулар Орусияны коркутууга негизделгенин далилдеп турат.

Хорасан Ислам мамлекети деп аталган топ негизинен Жаузжан облусунун Куштапе жана Дарзаб деген аймактарында жана Са́ри-Пуль облусунун тоолуу аймактарында, Фарьяб облусунун Балчераг жана Горзиванында жайланышкан. Бул аймактардагы майдан булактарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн берген маалыматына караганда, топтун согушкерлеринин көбү Өзбекстандын Ислам кыймылынын жетекчилигиндеги Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары болуп саналат. Айрым маалыматтарда бул топтун командири Абдул Рахман деген адам же тактап айтканда, Өзбекстан Ислам кыймылынын негиздөөчүсү Тахир Юлдаштын уулу Азизулла Юлдаш экени айтылып келет. Бул топтун аскерлеринин саны тууралуу так жана туура маалыматтар жок. Орусия маалымат каражаттары берген маалыматтарда бир нече миң деп айтылат. Бирок, Американын маалымат каражаттары жана Ооганстандын коопсуздук булактары Орусия берген маалымат туура эмес деп билдирип келишет. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялаган маалыматтарга караганда, бул топтун бир нече аскери бул аймакка жайгашып алышып, жергиликтүү элдин арасынан куралчан аскерлерди пайда кылууга үлгүрүшкөн. “Майданды изилдөө институту” мындан бир жыл мурун эл аралык Кызыл крест уюмунун алты кызматкеринин өлтүрүлгөнүн эске алуу менен ИШИМ Ооганстандын түндүк-батышында аймактык аскердик база түзүүнү көздөп жаткан болушу мүмкүн деп эскертүү жасаган. Азыркы учурда Хорасан ислам малекетинин уясынын кескин чоңоюп жаткандыгынын себеби, алардын Американын абадан ура турган соккуларынан коопсуз экенине байланыштуу. Ошентип Американын Ооганстандын чыгышы менен түндүгүндөгү кош саясаты түндүк аймактарда Хорасан террорчуларынын көбөйүшү ооган элинин өзгөчө ошол аймактардагы элдин нааразычылыгын жаратты.

Ооганстан коомунун нааразычылыктарына каршы психологиялык аракеттердин көрүлүшү

Бул жагдайдын натыйжасы Ооганстандын түндүгүндө согуштун күчөшүнө жана туруксуздуктун өөрчүшүнө алып келди. Ооганстандын коопсуздук абалы боюнча Борбор Азия жана Ооганстан изилдөө институту даярдаган маалыматтар ай сайын жарыяланып турат жана ага ылайык, Ооганстандын түндүк аймагы 2013-жылга чейин азыркыга салыштырмалуу коопсуз аймактардын катарына кирген. Акыркы бир нече айдын ичинде Ооганстандын түндүк аймактары менен борборунун ортосундагы саясий кризис жана коопсуздуктардын өсүшү өлкө элинин нааразычылыктарын күчөттү. Америка жаңы стратегиянын негизинде Ооганстанга багытталган каршылыгын азыркы учурда талиптер менен Пакистанга оодарууга мажбур болууда. Ошентип Америка Ооганстандын ичиндеги нааразычылыктарды токтотуу максатында Жаузжандагы террорчуларды жана Бадахшандагы талиптерди бомбалады.

Жаңы стратегия боюнча аракеттер

Американын жаңы стратегиясында талиптер менен ИШИМ террорчуларын Ооганстандан куугунтуктоо максаты бар экени көрүнүп эле турат. Мындан тышкары Америка аскер башчылары майдан талааларында өздөрү каалаган ар кандай чечимдерди кабыл ала алышат. Ошентсе да Американын Ооганстанга дагы аскер жөнөтүүсү күн тартибинде турат жана Барак Обаманын тушунда АКШ жана НАТО күчтөрүнүн күн тартибинен алынып салынган куралдуу топторго каршы күрөшүү стратегиясы кайрадан колдонулат. Обаманын тушунда кескин кыскарып кеткен Американын Талибанга каршы кол салуулары кайрадан башталды. Статистикалык маалыматтар боюнча, Американын 2017-жылы ИШИМге жана Талибанга каршы абадан урган соккусу кескин өсүп, 2012-жылдагы деңгээлине жеткен.

2017-жылдын ноябрь айынан тартып Америка күчтөрү маңзаттарды өндүргөн ишканаларды бомбалап башташты. АКШ бул саясаттын максаты Талибанды каржылык жаткан алсыратуу деп билдирди. АКШнын борбордук күчтөр командачылыгы (CENTCOM) Бадахшандагы талиптердин базаларын B-52 согуштук учагы менен бомбалоодо Талибандын киреше алуучу булактары бутага алынган деп жарыялады. Ооганстандын түндүгүндө B-52 стратегиялык согуштук учагын колдонуу Американын жогоруда аталган топторго каршы күч көрсөтүп жатканын айгинелеп турат. Өзгөчө бул иш-аракет менен Талибанды алсыратып сүйлөшүү үстөлүнө алып келүү теориясын көрсөтүшүүдө. Бирок бул гипотеза кабыл алына тургандыгын белгилей кетүү керек. Ооганстандын түндүгүндөгү коопсуздуктун артында турган максаттарга жол ачылып, жергиликтүү, аймактык жана трансрегионалдык оюнчулардын пайдасына чечилиши керек.

Кытай жана Орусияга эскертүү

Автордун 2017-жылдын сентябрь айында жазган “Американын Ооганстандагы жаңы стратегиясынын максаттары жана натыйжалары” деген макаласында АКШнын жаңы стратегиясын агрессивдүү реализм теориясына негизделген жана Орусия менен Кытай эки ири күч катары стратегиянын максаты болуп саналат деп баса белгилеген.
Американын өткөн айда жарыяланган жаңы улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия менен Кытайды АКШнын дүйнөдөгү ордуна жана максаттарына таасирин тийгизүүчү күчтүү өлкөлөр деп жарыялаган. Ал эми Ооганстан бул эки күчтүү мамлекетке жакын жана геосаясий Ооганстан “жаңы чон оюндун” чордонуна айланышы мүмкүн.
Ооганстан түндүк тарабынан Кытай жана Орусия менен четешет жана чектеш аймактарда куралдуу топтордун болушу кооптуулукту жаратып, ал эле эмес, айрымдары Борбордук Азияда жана Синьцзянда Ислам халифатын түзүүнү көздөп келет. Москва менен Пекин бул коркунучтардан тынчсызданып келишет. Ошондуктан Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Талибанды жоготууда Москва менен Пекин жалпы максатты көздөйт деп жарыялаган эле.
Американын көз карашы менен алганда Орусия Талибанды колдойт жана Американын айрым бийлик өкүлдөрү талиптерге курал-жарак жана каржылык жактан колдоо көрсөтүп келет деп жарыялап, Ооганстанда АКШ менен тирешүүнүн жаңы этабына өттү. 2017-жылдын апрель айында АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командири Жон Николсон Орусия талиптерди курал менен камсыз кылууда деп жарыялаган. Ошондой эле CENTCOM генералы Жозеф Уиттель дагы ошол эле айда АКШнын депутаттарына кайрылып, “Орусия дүйнөнүн бул бөлүгүндө таасирдүү болууга аракет кылып жатат жана Талибанга курал-жарак жагынан жардам берүүдө” деп жарыялаган. Ошондуктан Орусия менен байланышта болгон Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан талиптерди Америка учкучсуз согуштук учактары менен бутага алып жатканына күбө болуудабыз. Ошентип Бадахшанда жайгашкан талиптерге каршы B-52 согуштук учагы менен 96 саат бою операциянын жүрүшүндө CENTCOM жарыялаган маалымат боюнча, Талибандын киреше алчу тармактары, билим берүү борборлору жана ошондой эле колдоо тармактары жок кылынган. Мындан тышкары Талибандын бир нече транспорттук каражаттары дагы талкаланган.

Пекин Чыгыш Түркстан ислам кыймылынын Бадахшандагы иш-аракеттеринен тынчсызданууда.

Бул топтун согушкерлеринин Сириядан аталган аймакка кайтып келүүлөрү Пекиндин тынчсыздануусун ого бетер күчөттү. Ошондуктан Пекин Ооганстандын Бадахшан облусу менен болгон чек ара көзмөлдөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн алардын көпчүлүгүн Кабул көзөмөлдөп турганына карабастан өзүнүн саясатын таңуулоодо. 2016-жылы ноябрь айында Индиянын бир маалымат булагы Бадахшандагы жергиликтүү маалымат булактарынын билдирүүлөрүнө таянып Кытайдын аскердик күчтөрү Ооганстандын Бадахшанында жайгашкан Памир аймагына кайгуул күзөт орнотконун жарыялаган эле. Ошондой эле Ооганстан менен чек ара көзөмөлүнүн коопсуздугу үчүн ооган чек ара күчтөру менен биргелешкен кайгуул кызматын орнотушкан. Бирок бул маалымат Кытайдын коргоо министрлигинин органдары тарабынан четке кагылган эле. Мындан тышкары Кытай өкүлдөрү кеч болсо дагы Пекиндин каржылык колдоосу менен ооган аскерлери үчүн аскер базасын түзүү менен Бадахшан менен чек арасындагы коопсуздукту камсыз кылууга аракет кылып жатат. Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы 2017-жылдын май айында “Америка үнү” радиосу менен болгон маегинде Ооганстандын коргоо министри генерал Тарик Шах Бахраминин Пекинге болгон сапарынын алкагыда Кытайдын коргоо министри Жи Шуки Лян менен жолугушуп, Бадахшан аймагынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Пекиндин каржылоосу менен ооган аскерлеринен турган тоо бригадасын жана аскердик базасын түзүүгө келишим түзүлгөнүн билдирген.

Бирок Кытайдын бул аракети Амеркага жаккан жок. 2016-жылы Пекин менен Кабул Бадахшандагы ооган күчтөрүн куралдандыруу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу аяктаган эле. Бирок, Америка бул боюнча Кабулга каршы экенин жана Пекиндин андай идеясына кошулбай турганын билдирген эле. Пекиндин массалык маалымат каражаттарында Кытайдын ооган аскерлерине база түзүп берүүсү боюнча маалыматтын жарыяланышы катачылык болгон. Бул маселе көптөгөн сындарга алынды, ал эле эмес НАТОнун баш катчысы дагы бул тууралуу билдирүү жасады.
B-52 учагы кол салган орундардын бири Чыгыш Түркстан кыймылынын согушкерлери болгон. CENTCOM Чыгыш Түркстан кыймылынын согушкерлерине болгон кол салуу боюнча өзүнчө билдирүү жасады. Ал эми Американын уйгур согушкерлерине каршы кол салуусун Кытайдын Ооганстан коопсуздук иштерине кийлигишүүсүнө зарылчылык жок дегенди түшүндүрөт жана бул билдирүүнү АКШ Азиядагы негизги күчтөрдүн бири Пекинге B-52 стратегиялык учагы менен кол салуу аркылуу билдирүүдө.

Жыйынтыктоо

Америка 14 жылдан кийин Ооганстандагы жаңы стратегиясынын негизинде стратегиялык максаттарына жетүү үчүн B-52 бомбалагыч учагын пайдаланды. Ооганстандагы оюнчулардын учурдагы иш-аракеттери Кабулдун тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетүүсүнө дагы көп бар экенин айгинелеп турат. Ошондой эле Америка аткаминерлери алдын ала эле 2018-жыл дагы Ооганстан үчүн 2017-жылдай кооптуу жыл болот деп жарыялашты.

Жавид Хусейни,

Борбордук Азия жана Ооганстан изилдөө борборунун серепчиси .