Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Мирачтын мааниси жана Мирач белектери

Мирач түндүн бир оокумунда Азырети Пайгамбардын Меккеден Иерусалимге ал жерден да көккө чыгуусу, андан кийин Алланын алдында кабыл алынуусу. Бул окуяга Кураанда түнкү саякат деген мааниде «исра», хадистерде да жогорулоо жана бийиктикке чыгарган каражат деген мааниде «мирач» деп аталган.

Мирач Кураанда жана бардык хадис булактарында кабар берилген. Ислам булактарына караганда хадис төмөнкүчө жайылган: Райгамбарыбыз пайгамбарлыктын он биринчи жылында Режеб айынын 27 - түнүндө, Улуу Алланын чакыруусу менен Жабраилдин жол башчылыгында оболу Меккедеги Месжид - Харамдан Иерусалимдеги Месжид - и Аксага андан кийин да көккө, улуу ааламдарга жана Алланын алдына чыккан. Мусулмандар мирач болгон түндү берекет мол болгон мубарек түндөрдүн бирөөсү катары кабыл алып жана ар жыл кандил түнү катары майрамдалууда.

Ислам булактарында Мирачтын Азырети пайгамбардын мушриктердин кысымынан тажаган мезгилде динди билдирүү ишинде эң негизги эки колдоочусу болгон Азырети Хатиже менен абасы Эбу Талибдин бир биринин артынан каза болушунан кийин чыкканы айтылууда. Меккеде дем тарта албай турганчалык болуп тажаган Азырети Пайгамбар Жабраил тарабынан бул жүргүнчүлүк үчүн даярданган. Башка ааламга саякатка даярданган Азырети Пайгамбардын көкүрөгү жарылып замзам суусу менен жуулуп, ыйман менен толтурулган. Андан кийин да Жабраилдин жол башчылыгында бул мужиза жүргүнчүлүккө чыккан. Хадистерде кенен түрдө айтылганына караганда Азырети Пайгамбар оболу Иерусалимдеги Бейт – и Макдиске келип ал жерде эки рекет намаз окуду. Андан кийин көккө жогорулады. Кураанда жети кабат экени айтылган көктүн ар бир кабатында тевхид салтынын улуу пайгамбарларынан бирөөсү менен жолугушту. Бул жолугушуулардын пайгамбарлардын бирдиктелигин ортого салган, тевхид ишеничине ээ адамдардын бир жерде биригүүсүнүн маанисин белгилегени айтылууда. Жүргүнчүлүктүн акырында Азырети Пайгамбар Улуу Алланын алдына келет; Улуу Алладан түздөн түз кээ бир буйруктарды алат жана бир топ сыйлык менен да ал жерден чыгат. Мирачта токтолгон эң негизги нерсе Азырети Пайгамбардын мирачта Алланы көрүп же көрбөгөндүгү. Хадистерде бул теманын талкууланганы билинүүдө. Ушул алкакта сахабанын алдыңкыларынан бирөөсү болгон Эбу Зер Азырети пайгамбардан : «Раббыңды көрдүңбү?»,- деп сурайт ал да : «Алла бир нур, аны кантип көрөйүн!»,- деп жооп берген экен. Алланы көз көрбөйт, ал болсо бардык көздөрдү көрөт»,- деп билдирген.

Меккеде абдан кыйын күндөрдү жашаган Азырети пайгамбарга мирачта ээсиз эмес экендиги көрсөтүлгөн. Тегерегинде чогулган кишилердин аздыгына карабастан сүйүнчү катары үммөтү абдан чоң болуп көрсөтүлгөн. Бул жерде болгон кишилердин кээ бир өзгөчөлүктөрү хадистерде кенен түрдө айтылган. Мисалы тозокто көргөндөрү жезден тырнактар менен бети жана боорун тытмалаган кишилердин ушак кылгандар экендиги айтылган.

Улуу Алла Мирач менен сыймыктандырган пайгамбарына бир топ белектерди да берген. Хадистерде оболу элүү убакыт деп белгиленген намаз, Алла тарабынан беш убакыт деп белгиленет, бирок элүү убакыт намаз менен тең келери кабыл алынган. Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аяты ошол жерде билдирилет. Айрыкча үммөтүнөн Аллага ширк кошпогон күнөөкөрлөрүн багыштай турганы боюнча сүйүнчүсү берилген.

Азырети Пайгамбарга ички тынчтыкты берген Мирач Азырети Пайгамбардын бийик мартабага жетүүсүнө себеп болгон. Мирач момундардын мирачы катары көрүнгөн намаз менен сыйлыктандырган. Мусулмандар намаз менен руханий жактан Аллага жогорулоого чакырылган. Намазда окулган «Тахиййат» Азырети Пайгамбардын мирач учурунда Улуу Алла менен саламдашууларын билдирет. Мусулмандар чын ыклас менен окуган ар бир намазда «тахиййат» менен мирачты көздөрүндө жандандырышкан. Таза кулдукка Алла кабатындагы жогорку мартабага жетүүгө аракет кылышат.