Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Эрдоган Америкага:“ИШИМ менен болгон театрыңарды токтоткула”

Түркиянын президенти кечээ Американын Сириядагы аракеттерин айыптады.

Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Режеп Таип Эрдоган Америкага кайрылуу жасап, ИШИМ менен болгон көргөзмө оюнун тез арада токтотуусун талап кылды. Ал ошондой эле Американын Сириядагы куралчан күчтөргө колдоо көрсөтүүсү Анкаранын чечим кабыл алууларына таасир тийгизээрин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Вашингтон менен Анкаранын мамилелери акыркы жылдары тирешүүлөргө айланса, учурдагы Американын сириялык күрт сепаратисттерин колдоосу жана Түркиянын аларга каршы Сириядагы “Зейтун бутагы” операцияларынан улам эки тараптын мамилелери мурдагыдан да чыңалууда. Ал эми өлкөнүн ТИМ жетекчиси Мевлют Чавушоглу Дональд Трамптын Түркиядагы Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси менен болгон жолугушууда мындай деген: Биздин АКШ менен мамилелерибиз же жакшыра турган же биротоло бузула турган абалда.
Ушуга байланыштуу Американын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 15-16-февралда Түркияга белгиленип жаткан сапарында Анкаранын жетекчилери менен жолугушуп, диалог жүргүзмөкчү.