Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Индонезия никеге чейин жыныстык катнаш жасагандарды түрмөгө отургузат

Индонезиянын саясий партиялары мыйзамсыз жыныстык катнаш жасагандарга жаңы кылмыш жазаларын караштырышууда.

Бул тууралуу Oxu.Az сайты coconuts.co агенттигине шилтеме берип маалымдаган. Белгилей кетсек, бул өлкөдө никеге чейинки жыныстык катнаш жасагандар менен бир жыныстагылардын жыныстык мамилелерине кылмыш ишин козгооо боюнча жаңы мыйзамына каршы болгондор арбын.
Кабыл алынуучу жаңы мыйзамга ылайык никеге чейинки жыныстык катнаш жасаган гетеросексуалдык жубайлар менен жубайына кыянатчылык кылгандар 5 жылга кесилет.
Албетте, бул мыйзамдан саны анча көп эмес болгон ЛГБТ-коомчулугун айрыкча чочутту.
Өлкөнүн көпчүлүк саясатчылары мындай мыйзамдын кабыл алынуусу келээрки шайлоолордо орто мусулмандардын добуштарын тартуусу мүмкүн деп айтышууда. Ал эми Индонезиянын саламаттык сактоо министрлиги гомосексуализмди психологиялык ооруу катары таануучу иш-кагаз чыгарууга сөз берген. Ага байланыштуу Google мурдараак өкмөттүн талабы менен индонезиялык гейлердин онлайн таанышуу сервистерин жабууга аргасыз болгон.
2013-жылда өткөрүлгөн коомдук суроо жүргүзүүнүн натыйжасында Индонезиянын 72%ы өлкөдөгү светтик мыйзамдарды ислам шариятына алмаштырууга макул экени аныкталган. Индонезия калкынын көптүгү менен дүйнөдө төртүнчу орунда туруп, 266 млн. жаранды түзөт. Өлкөнүн 88%ы ислам динин карманганы менен светтик өлкө болуп саналат.