Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

ИШИМ Ооганстандын 11 кыштагын басып алды

ИШИМ террордук уюмунун элементтери жекшембиде Ооганстандын чыгышында орун алган Лагман провинциясындагы талибандардын позициясына чабуул жасап, 11 кыштагын басып алды.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. ИШИМ экстремисттик уюмунун элементтери Ооганстандын 11 кыштагын колго алгандыгын бул уюмга таандык Аль-Амак агенттигине жарыялашкан. Ооганстандагы ИШИМ террорчуларынын террордук ишмердүүлүктөрү акыркы апталарда күч алды. Буга байланыштуу Орусия тынчсыздануусун билдирди. Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя ИШИМ тобуна каржылык колдоо көрсөтүү кыскаргандыгын, бирок бул топ каржылоонун жаңы ресурстарын издеп жаткандыгын билдирди.

Ал аймактагы, айрыкча Ооганстандагы ИШИМ тобунун ишмердүүлүгүнүн улантылып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Небензя өткөн жекшембиде Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, ИШИМдин Ооганстандын түндүгүндө бекемделип жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. Ооганстанга чогулуп жаткан ИШИМ согушкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн көрмөксөнгө салбашыбыз керек. ИШИМдин Ооганстандын түндүгүндө бекемделиши Борбор Азия аймагына коркунуч жаратат деди.

Анын айтымында, Сириянын куралдуу күчтөрү Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен ИШИМ элементтерин мунай скважиналарынан ажыратты. Буга чейин 2017-жылы ИШИМ мыйзамсыз түрдө мунай жана газ сатып, ай сайын 2 миллион доллар киреше тапчу. Ал ИШИМ согушкерлери кирешенин жаңы булактарын издеп жаткандыгын баса белгилеп, алар заманбап технологияларды колдонууда деди. ИШИМдин акчалары Азия, Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыштагы банктарда сакталын кошумчалады Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя.