Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Түндүк Кореянын лидери эки Кореянын диалог жүргүзүүсү менен бир пикирге келишүүнү белгиледи

Ким Чен Ын Кышкы Олимпиада оюндарынан кайтып келген делегация менен жолугушкан соң, эки Кореянын диалог жүргүзүп, бир келишимге келүүсү маанилүү деп билдирген.

Mehr агенттиги Yonhab маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Түндүк Кореянын лидери шейшемби күнү таң эрте эки Кореянын диалог жургүзүүсү зарыл экенин тактаган. Ким Чен Ын мындай деген: Эки Кореянын күчтүү жана окшош эркинин натыйжасы болгон диалог жүргүзүү менен компромисске келүүгө аракети өтө маанилүү.

Ал ошондой эле кышкы олимпиададан кайтып келишкен Түндүк Корея делегациясынын билдирүүлөрүнө ыраазы болуп, Сеулдун бул делегацияны айрыкча тосуп алуусу этибарга алынуучу нерсе экенин билдирген.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Түндүк Кореянын экинчи адамы Мун Джэин менен Ким Чен Ындын эжеси Ким йо-Чон атайын делегациянын коштоосунда Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы олимпиада оюндарынын ачылуу аземине катышууга барышкан. Ал эми Түндүк Кореянын бул аткаминерлерин Түштүк Кореянын президенти өзү тосуп алган.