Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Каддафинин уулу Ливиядагы президенттик шайлоого катышат

Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулу Сейф аль- Ислам өлкөнүн президенттик шайлоолоруна катышууга укугу бар.
Бул тууралуу Ливия парламентинин басма сөз катчысы Акиля Салех билдирген. “ Биз кечирим берүү жана саясий куугунтукту алып салуу боюнча мыйзам кабыл алдык. Эми Ливиянын кылмыш иш кылбаган ар бир жараны президенттике өз талапкерлигин көрсөтө алат. Ал эми Сейф аль- Ислам канчалык элдин ишенимине татыйт, аны добуш берүү сандыкчасын ачканда көрөбүз,-деди саясатчы.”
Риа Новостинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын декабрында Каддафи аль-Хашими ас-Сул үй-бүлөсүнүн өкүлү Ливиянын мурдагы лидеринин уулу жакынкы арада өлкөнүн президенттигине өз талапкерлигин коё турганын кабарлаган.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан бери Ливия кыйын абалды жана өкмөттүк ажырымды башынан өткөрүп келет. Ал эми Каддафинин уулу Сейф аль-Ислам 2011-жылы берилген буйрукка караштуу Эл аралык соттун издөө салган адамдарынан болуп саналат.