Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Жабхату ан-Нусра сионисттердин Сирияга кол салууларын колдойт.

Ан-Нусра террордук фронтунун бир уюму сионисттердин Сирияга кол салууларын колдоорун ачык билдирүү менен аракеттерин күчөтүүлөрүн талап кылды.

Fars агенттиги “ан-Нашра” маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Жабхату ан-Нусра террордук уюмунун жетекчиси Салих аль-Хамави сионисттер менен террорчулардын кызматташуулары боюнча оюн айтып, Израилди Сириядагы өкмөттүк аскер менен ирандык борборлорго абадан жана дарыя аркылуу кол салууларын колдой турганын билдирген. Салих аль-Хамави ошондой эле бул режимден Сирияга көбүрөөк чабуул жасоосун талап кылган.
Ал сионисттик режимге кайрылып мындай деди: Силердин унчукпооңор Ирандын Сирияга кийлигишүүсүн күчөтүп, силердин абалдарыңарды өзгөртүүдө, андыктан аны тамырынан жулуп салууга шашылгыла.
Белгилей кетсек, сионисттик режим Сирия кырдаалы башталгандан бери ИШИМ жана Жабхату ан-Нусра террордук топторун ачык жана көмүскөдө колдоп келген.