Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы акыркы 70 жыл ичинде 2700 кишини өлтүргөн

In Serbia News сайты Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы ар кайсыл өлкөлөрдө жашыруун террордук операцияларды жасаганы тууралуу баяндама жазды.

Анда Израилдин "Моссад" чалгындоо кызматы тиш пастасына уу кошуп, уюлдук телефондорду жардырып, учкучсуз аппараттар менен кол салып жана башка ар кандай ыкмаларды колдонуп, 1948-жылдан бери азыркыга чейин 70 жыл ичинде жашыруун түрдө 2700гө жакын кишини жок кылган. Бул тууралуу Fars агенттиги жазды. In Serbia News сайты кийинчирек Ронен Бергмандын “Rise and Kill First: The Secret History of Israel’s Targeted Assassinations” (“Восстань и убей первым: тайная история израильских ликвидаций”) аттуу китебин жарыялаган. “Едиот Ахаронот” гезитинин кабарчысы Ронен Бергман өзүнүн аталган китебинде Израил режиминин жашыруун өлтүрүүлөрү тууралуу жазган. Бергман миңдеген адамдар менен курган маегине жана миңдеген документтерге таянып, Израилдин чалгынчылары Тель - Авивге коркунуч келтирген адамдарды ар кандай ыкмаларды колдонуу менен өлтүргөндүгү тууралуу китебинде жазган.

600 барактан турган китептин автору аны жазуудан мурда Израилдин “Моссад” жана “Шин Бет” чалгындоо кызматынын кээ бир агенттери менен жолугушуп, алардан маек алган. Аталган чалгындоо кызматынын агенттери Бергманга берген маегинде, Ирандын атомдук окумуштууларынын бирин тиш пастасына уу кошуу менен өлтүргөндүгүн билдиришкен. Ошондой эле Ирандын кеминде 12 атомдук окумуштуусун ар кандай ыкмалар менен өлтүргөндүгүн айтып беришкен.

Бул операциялардын биринде Ирандын бир окумуштуусу унаага коюлган жардыргыч заттын жарылуусунан көз жумса, дагы бири колго жасалган учкучсуз аппараттан ыргытылган бомбадан каза тапкан. Израил режими ошондой эле Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылына колдоо көрсөткөн көптөгөн палестиналык лидерлерди өлтүргөн.

Мындан тышкары, Бергман өзүнүн китебинде 2004-жылдын 11-ноябрында дүйнөдөн кайткан Палестинанын боштондук уюмунун мурдагы жетекчиси Ясир Арафаттын өлүмү тууралуу да жазган.

Белгилей кетсек, Ронен Бергман мындан 10 жыл мурун жазган китебинде 2006-жылы болгон Израил менен Ливандагы Хизбалланын ортосундагы согуш тууралуу жана Израилдин чалгындоо кызматынын Ирандын өзөктүк программасына каршы ишмердүүлүгү жөнүндө жазган.