Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Ташкентте Өзбекстан менен Ооганстандын алгачкы коопсуздук жыйыны өттү

Ташкент шаарында Өзбекстан менен Ооганстандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда алгачкы биргелешкен өзбек - ооган коопсуздук жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.
Жыйынга Өзбекстан менен Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жана Коопсуздук Кеңешинин өкүлчүлүгүнүн комиссиялары катышышты. Жыйындын катышуучулары террорчулук, экстремизм, курал-жарак аткезчилиги, мыйзамсыз жолдор менен маңзаттарды ташуу жана кылмыштуу топтор менен кантип күрөшүү керектиги боюнча талкуу жүргүзүштү.
Ошондой эле эки өлкөнүн чек араларында коопсуздукту камсыз кылуу жана бажы кызматында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча кызматташуу жолдору тууралуу маселелер каралды.
Жыйындын катышуучулары коопсуздукту камсыз кылуунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү, анын ичинде “Мазари-Шариф-Герат” темир жолун куруу, ички өндүрүштөрдү жана борборлорду өнүктүрүү маселелери тууралуу сүйлөшүштү.
Мындан тышкары Ооганстан президентинин Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык келишимдерди өз убагында ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү. Эки тараптын өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө басым жасашты. Ошондой эле алар транспорт, экономика, соода, энергетика жана башка негизги багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле жыйында Ооганстан менен Борбор Азияда узак мөөнттүү туруктуулукту камсыз кылууда тынчтык, туруктуу өнүгүү жана коопсуздуктун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Өзбекстан менен Ооганстандын өкүлдөрү бул жолугушууларда Ташкент шаарында “Тынчтык жараяны, коопсуздук жана аймактык кызматташуулар” аттуу эл аралык конференция өткөрүүнүн практикалык аспектилерин карап чыгышты.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Өзбекстанда кызмат көрсөтүү, бизнес иштери жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 70 ишкана Ооганстандын салымдык катышуусу, анын ичинде 20 компания Ооганстандын 100 пайыз демөөрчүлүгү менен иш алып барышууда.
Ошондой эле Өзбекстандан Ооганстанга электр энергиясы, жашылча-жемиш, мунай заттары жана жер семирткичтер экспорттолот.