Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Эми Казакстандын жарандары БАЭ девизасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат

Казакстандын жарандары 10-марттан тарта Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу БАЭнин Казакстандагы элчилиги Твиттер баракчасы аркылуу билдирди.

«10-марттан тарта Казакстандын жарандарынын Бириккен Араб Эмирлигинин аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүсүнө мүмкүндүк берген визасыз режим күчүнө кирет. БАЭге кош келиңиздер», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кайрат Абдрахманов 2017-жылы Бириккен Араб Эмирлиги менен паспорттордун бардык түрлөрү боюнча визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюлганын билдирген. Макулдашуу күчүнө кириши үчүн БАЭнин бардык эмираттарынын жактыруусу керек болчу.

Казак өкмөтүнүн 2012-жылдагы токтому менен Бириккен Араб эмирлигинин жарандары Казакстандын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүү укугуна ээ болушкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN