Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Кыргызстан-Тажикстан чегарасында эмне болду?

Ош, 9-февраль, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. 8-февралда Тажикстандын чегарачылары Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Сай аймагындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чегарачыларынын санын көбөйткөнү кыргыз тарапка түшүнүксүз болду.

Кошуна мамлекет "Кулунду" жана "Кайрагач" чегарасын бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган.

Буга чейин ЖМКда кабарлангандай, Лейлек районуна караштуу Сай калктуу конушуна Сада каналы (Гуляндоз) аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курулгандан кийин ал аймактагы өткөрүү бекеттеринин иши токтотулган. Көпүрө курулганга чейин окуучулар ири аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп келген.

Түштөн кийин Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап Сай жергесиндеги көпүрөнү ачып, кошумча тартылган тажик аскер кызматкерлери кайра кетишти. "Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу" деп кошумчалады Чек ара кызматы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барган. Анда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери да талкууланып, делимитация иши боюнча өкмөт аралык комиссиянын кызматташтыгын жандандырууга да токтолушкан.