Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Ошто 24 "йакын инкарчыны"эки жылга шарттуу кесишти

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту "Йакын инкар" диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу кести.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарова билдирди.

Соттолгон адамдар - Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусттарынын тургундары. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, алар декабрь айында Кара-Суу районунун аймагында "Йакын инкар" агымынын идеяларын жайылтканы аныкталган.

Былтыр, 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту “Йакын Инкар” диний агымын «экстремисттик» деп тапкан. Ага чейин бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият да тыюу салган болчу. Жогорку Соттун билдиришинче, мындай чечимге Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон.

Кыргызстанда элге диний үгүт-насаат ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жана Ички иштер министрлигинен уруксат алуу талап кылынат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин программасында каралып, муфтият да аны менен макул экендигин айткан. Бирок аталган топтун өкүлдөрү ага баш ийбестен, эч кандай уруксаты жок эле эл аралап, үгүт иштерин жүргүзүп келишкен. Буга чейин бир канча жолу эскертүү алган “Йакын инкарчылар” аларды аткарбаганына байланыштуу Башкы прокуратура аталган агымды «экстремисттик» деп табуу боюнча сотко кайрылган.

“Йакын” Алла Таалага толук ишенүү дегенди билдирсе, “инкар” деген четке кагуу же жокко чыгаруу деген маанини түшүндүрөт. Аталган агымдын аталышын кыргызчага которгондо «Аллага толук ишенүү үчүн башка нерселерди четке кагуу» деген маанини туюнтат. Аталган топтун мүчөлөрү сакал-чачтарын өстүрүп, узун кийинип жүрүшөт. Жашоо турмушун Мухаммед пайгамбар жашаган доордогудай кылгылары келип, технологиялык каражаттарды колдонбой, жада калса эскиче тамдарда жашагандары да болот. Бул топ даваатчылар деп аталып келген «Таблиг жамаатынан» бөлүнүп чыккандыгы айтылып келет.