Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Ысык чай ракка алып келиши мүмкүн

Кытайда илимпоздор, ысык чайдын кекиртек рагы коркунучун арттыра турганын билдиришти.
«Annals of Internal Medicine» журналында жарыяланган макалага караганда, изилдөө убагында 30-79 жаш курактарындагы 456.155 кишинин 10 жыл бою ден-соолугу жана тамактануу көнүмүштөрү иликтенди.
Буга караганда, күнүгө тынбай чай ичкен жана кеминде 15 грамм ичимдик ичкен кишилердин кекиртек рагына кабылуу коркунучунун 5 эсе артканы байкалды.

Иликтөөдө чылым чеккен кишилердин ушул эле ооруга кабылуу коркунучунун болсо 2 эсе артканы аныкталды.

Жылуулугу 65 °C жогору болгон суусундуктардын ички органдарга зыян тийгизгенин жана рак коркунучун арттырганын белгилешкен илимпоздор, ысык суусундуктар, алкоголь жана тамекинин чогуу колдонулбашы керектиги боюнча да эскертишти.