Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Орусия, Түркия жана Иран керектүү көргөн учурда саммит өткөрүшөт

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Москвада журналисттерге маалымат берди.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орус,түрк жана ирандык лидерлердин ортосунда жаңы жолугушуу өткөрүү үчүн азырынча күн белгилене электигин, бирок керектүү көрүлгөн учурунда мунун ыктымалдуу экенин айтты.

Песков, Орусиянын борбор шаары Москвада журналисттер менен болгон жолугушуусунда, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия темасында президент Режеп Таййип Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Рухани менен тынымсыз байланышта болгонун белгиледи.

Үч өлкөнүн лидеринин арасында жолугушуу үчүн болсо азырынча күн белгиленбегенин айткан Песков: «Бирок лидерлер ушундай саммит өткөрүүгө муктаждык болгондо, өткөрүлүшүн ыктымалдуулук тышында калтырбайт»,-деди.

Путин жана Руханинин ортосунда кечээ болгон телефондогу сүйлөшүүдө, Сириядагы абал талкууланды жана эки лидер, Орусия, Иран жана Түркиянын ортосунда Астана процесси тууралуу жүргүзүлгөн ийгиликтүү кызматташтыкка көңүл бурушту.