Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Мак Мастер менен Тиллерсон Түркияга сапар тартышат.

Ак Үйдүн Коопсуздук боюнча кеңешчиси менен Американын ТИМ жетекчиси келээрки күндөрү Түркияга сапар тартышаары белгилүү болду. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Түркияныны “Хурриет” гезити Мак Мастер менен Тиллерсон Стамбулга келишээрин жазып чыккан.
Бул сапар Түркиянын “Африн” аймагындагы аскердик аракетинен улам Вашингтон менен Анкаранын жаңы араздашууларына байланыштуу экенине ыктымал берилет. Эске салсак, 20-январдан тарта Түркия аскери “Сириянын эркин аскери” аталган топтун мүчөлөрү менен биргеликте Сириянын “Африн” аймагында жайгашкан күрт сепаратисттерге каршы согушун баштаган.
Белгилей кетсек, түрк аскерлери менен күрт сепаратисттердин кармашуулары учурга чейин уланууда.
Сана агенттиги бул 17 күндүк операцияда түрктөр 142 күрттөрдү өлүмгө кыйып, 345ин жарадар кылганын маалымдаган.
Ал эми Иран ТИМинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми дүйшөмбүдө Түркия өкмөтүнө кайрылуу жасоо менен Сириядагы опреациясын токтотууну сунуштаган.
Анын атйымында бул согуштун улануусу аймактын туруксуздугуна себеп болуп, террлорчулардын кайтып келүүлөрүнө көмөктөшмөкчү.