Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Рияд менен Абу Дабий: Эки Ыйык жайды эл аралык кылуу сунушу бул- согуш жарыялагандык!

Арабстан менен БАЭ жетекчилиги Катардын “Мекке менен Мединаны эл аралык кылуу” сунушун катуу сынга алышты. Mehr агенттиги “аль- Аалям” маалыматына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Арабастан Падышачылыгынын кеңешчиси Сауд аль- Кахтани Адель Жубейрдин бул тууралуу билдирүүсүн кайрадан Твиттер баракчасына жарыялап чыкты. Берилген маалыматтарга караштуу Арабстандын ТИМ жетекчиси Катар аткаминерлерине ишаара кылып мындай деген: Ыйык жерлерибизди эл аралык кылууну сунуштоо Арабстанга карата согуш жарыялагандык менен барабар жана биз бул сунушту жүзөгө ашырууга аракет кылгандарга карата туруштук беребиз.
Ал эми Сауд Кахтани өзүнүн твиттер баракчасында министрдин сөзүн коштоо менен мындай деп жазган: Катардын бул аракети (Мекке менен Мединаны эл аралык кылуу) бизге карата кол салуу менен барабар жана биз аларга мындан ары сабырыбызды сынабасын сунуштайт элек.
Ал эми бул тууралуу БАЭ ТИМинин кеңешчиси Анвар Каркас мындай деген: Ыйык жайларды эл аралык кылуу ойлонулбаган сунуш жана жүзөгө ашуусу мүмкүн эмес.