Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Швейцария Рохинжа мусулмандарына 12,9 млн. доллар жардам берет.

Швейцариянын президенти өз өлкөсү Рохинжа мусулман качкындарына 12,9млн. доллар жардам көрсөтөөрүн айтты. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Швейцариянын президентти Алан Берсе Даккага болгон расмий сапарында Бангладештин премьер-министри Шейх Хасине менен жолугушуп, өз өлкөсү рохинжалык качкындарга 12, 9 млн. доллар бөлүп берээрин билдирген.
Bangladesh news 24 гезитинин билдирүүсү боюнча Швейцария президенти бул маселеде качкындарга баш калкалоо берген Бангладешти толук колдоого алууга сөз берген.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Швейцария 8,6 млн. доллар акчалай жардамын Рохинжанын 100 миңдеген качкындарына арнап Какас базарына жиберген. Аталган расмий жолугушууда Бангладештин премьер-министри Мьянмадагы мусулмандарга карата кысымдар тез арада Эл аралык коомдор менен Швейцариянын кийлигишүүсү аркылуу тез арада чечилерине үмүттөнөөрүн билдирген. Эске салсак, өткөн жылдын 25-ноябрында Бангладеш менен Мьянма рохинжалык мусулмандардын өз аймактарына кайтып баруулары тууралуу келишим бекитишкен эле. Келишимге ылайык, алардын кайтуулары үстүбүздөгү жылдын 23-январында башталмак, бирок учурда качкындардын качалыгы өз үйлөрүнө кайта алаары белгисиз.