Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
04:43
Күн чыгышы
06:24
Бешим
13:02
Аср
17:43
Шам
19:46
Куптан
21:01

Эки Корея элдешеби?

Түндүк Корея Элдик Республикасынын Жогорку Ассамблеясынын төрагасы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Пхень Чанг шаарына сапар тартмакчы.

Түндүк Корея Элдик Республикасынын Жогорку Ассамблеясынын төрагасы Ким Ён Нам 22 мекендеш спортчуларын коштоп, Түштү Кореяда өтүүчү олимпиадага катышууга Пхень Чанг шаарына бармакчы.

Белгилей кетсек, Пхень Чангдагы Кышкы Олимпиадасынын 23-айлампасы 9-февралда башталып, 15 күн уланмакчы.

Эске салсак, Корея жарым аралындагы америкалык аскердин кийлигишүүсү эки өлкөнүн араздашууларына себеп болгон. Ал эми жаңы жылдан тартып эки өлкө байланыштарын жакшыртуу аракеттерин башташкан. Эки өлкө эки жылдан соң телефон аркылуу чегаралык байланыштарын калыбына келтиришүүдө.