Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Москвада калың кар

Орусиянын борбор шаары Москвадагы калың кардын себебинен бир киши каза болуп, 2 киши жаракат алды.

Мэрдин орун басары Петр Бирюков: «Абдан оор кырдаал, ишемби күнүнөн бери 38 сантиметрдик кар жаады, бул февраль айынын орточосунан көбүрөөк»,-деп айтты.

Кардын жаашы улам күчөгөнүнө көңүл бурган Бирюков, дүйшөмбү күнү кечкиге чейин дагы 15-20 сантиметрдик кар жаашы мүмкүн экени боюнча эскертти.

Борбор шаардагы аэропорттордо калың кардын себебинен 200дөн ашуун учак каттамы токтотулду же жылдырылды. Шаарда бүгүн мектептер да эс алууга чыкты.

Жооптуу кызматкерлер, миңдеген бак-дарактын кардын оордугуна туруштук бере албай кулап калганын жана электр линияларынын үзүлүшүнө алып келгенин, ушул себептен 5 миң кишинин да электр жарыксыз калганын билдирди.

Орусиянын батышында да жолдор кардын айынан жабылып, 40 миң киши электр жарыксыз калды.

Метеорологдор ушул сыяктуу кар жаашынын 100 жылда бир болгонун белгилешти.