Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Американын 40 млн. калкы өтө жакыр абалда жашайт.

Бир аналитикалык сайттын билдирүүсү боюнча Түндүк Америкада 98 млн. адам жакырчылыкта жашайт жана анын себеби: маянанын төмөн болушу, жумушчулардын теңсиздиги жана байлар менен жакырлардын ортосундагы айрымачылыктын күч алуусу. Fars агенттиги “Burggen Magazine” сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, БУУнун өлкөлөрдөгү“Теңсиздик жана жакырчылык” абалдарга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн статистикасына караштуу Түндүк Америка өлкөлөрүндө; Мексика, Америка жана Канадада 98 млн. эл жакыр экени жана анын себеби болуп жумушчулар арасындагы барабарсыздык, байлар менен жакырлардын ортосундагы айрымачылыктын жогору болуусу белгиленген.
Бул статистикага ылайык, учурда Америка калкынын 12,7%ы, мындайча айтканда 40 млн. калкы жакырчылыкта жашайт. Ал эми бул көрсөткүч Канадада 7,5% - 4,9 млн, Мексикада 53,3млн. тактап айтканда элдин жарымы ушундай шарттарда жашашаары аныкталган.
Албетте Американын аскердик бюджети Арабстан, Кытай, Орусия, Британия, Индия, Франция жана Жапаниянын аскердик бюджетине салыштырмалуу мол болгону менен өз жарандары жакырчылык менен алпурушууда. БУУнуну өкүлү Филипп Алстон Америка тургундарынын 2017-жылдагы экономикалык жагдайын иликтеп, бул өлкө техника жаатында эң бай жана эң күчтүү өлкө катары эсептелгени менен 40 млн. жакырларын бутуна тургуза албаганын белгилеп кеткен. Ал эми Гардин гезити мындай деп жарыялап чыккан: Америкадагы үй-жайсыздардын саны акыркы он жылда катуу өсүп, 2000ден 7500гө жетти.