Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Бишкекте Иран кинолорунун жумалыгы болот

7-8-9-февраль күндөрү Бишкектеги А. Осмонов атындагы улуттук китепкананын чоң жыйындар залында иран кинолорунун жумалыгы болот.

Бул маданий иш чара февраль айынын биринчи жарымында белгиленүүчү Ирандагы Ислам Революциясынын 39 жылдыгына арналып уюштурулуп жаткандыгын Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүктөн билдиришти.

Аталган өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө, 7-февраль күнү саат 16:00дө иран кинолорунун жумалыгынын ачылышы болуп, анда “Фантазиянын таттуу даамы” аттуу көркөм фильм көрсөтүлмөкчү. Андан соң, 8-9-февраль күндөрү катары менен саат 15:00дө жана 17:00дө экиден көркөм фильмдер көрсөтүлмөкчү. Аталган кинотасмалар Ирандагы эл аралык “Фаджр” кинофестивалында жана чет өлкөлүк башка фестивалдарда алдыңкы сыйлыктарга ээ болушкан.

Ирандын Маданий өкүлчүлүгү иран кинолорун сүйүүчүлөрдүн баардыгын чакырат жана кирүү акысыз экендигин эскертет.