Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Ирандыктар өлкөсүнүн саясий структурасын өзгөртүүнү каалашпайт.

Американын Мэриленд ЖОЖунун иликтөөсү боюнча ирандыктардын көпчүлүгү Ислам Республикасынын структурасынын улануусуна макул экени маалым болду. Меhr агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандагы акыркы баш аламандыктарга карата Мэриленд ЖОЖунун иликтөөсүнүн натыйжасынан маалым болгондой, ирандыктардын көпчүлүгү өлкөдөгү Ислам Республикасынын саясий түзүлүшүн колдоо менен андагы эч кандай өзгөртүүнү талап кылбаганы аныкталды. Ошондой эле Вашингтон пост гезити дагы Мэриленддин статистикасы менен бирге өз статистикасын кыскача жарыялап чыккан. Анда Ирандагы системанын өзгөрүүсүн каалагандар өтө аз экени жана көпчүлүк ирандыктар учурдагы Сирия менен Ирактагы системаны да колдошоору белгилүү болгон. Ал эми Ирандагы акыркы баш аламандыктарга Дональд Трамптын кийлигишүүсү жана митингчилерге жардам берүү сунушу, негизи эле Американын саясаты 85%ирандыктарды иренжитээри аныкталган. Белгилей кетсек, Мэриленд ЖОЖунун берген статистикасы боюнча 54% ирандыктар өлкөнүн саясий өкмөтүн өзгөртүүгө каршы жана 4,9% макул экени такталган.