Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

“Бир күн хижаб менен” хэштеги дүйнөлүккө айланды+(фото).

“Бир күн хижаб менен” аталган дүйнөлүк күн бешинчи жылы катары менен белгиленип жатат. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, #worldhijabday хэштеги менен дүйнөгө таралган “бир күн хижаб кийүү” күнү жыл сайын катышуучулардын санын арбытып даңазалуу өтүүдө. Бул элдик аракетти Назме Хан аттуу аял 2013-жылы 1-февралда баштаган. Назме Хан хижабсыз жана мусулман эмес кыз-келиндерди ушул күнү хижаб кийип чыгууларын сунуштаган. Аныны максаты хижабды коргоо жана хижаб кийүү менен адам башкача болуп кетпесин түшүндүрүү, ошндой эле башкаларды хижабчандар менен тилектештикке чакыруу болгон эле. Алгачкы бул хэштег 326 жазылгандар менен башталса, 2014-жылы хэштегди ээрчигендердин саны 1 млн. 439га жетип, ал эми 2017-жылы колдогондор бардыгы болуп 5 млн. 945ке жеткен. Ошентип “Бир күн хижаб менен” хэштеги дүйнөлүккө айланып, 1-февраль эл аралык хижаб күнү катары белгиленип калды. Бул күнү алгачкы жолу хижаб кийип чыккан кыз –келиндер өздөрүнүн хижабчан сүрөттөрүн worlhijabday хэштегине коюп, өз сезимдерин, ой-пикирлерин билдиришүүдө. Алар бул күндү жашоолорунда маанилүү күндөрдүн бири катары өткөрүшкөнүн жана бул күн сулуулуктун, тазалыктын күнү экенин айтышкан. Ошондой эле алар хижабчандарды колдоп чыгышканына кубанычта экенин жана хижабчандар канчалык, эрки күчтүү болоорун сезгенин билдиришкен.