Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Азербайжандагы кезектеги президенттик шайлоого Илхам Алиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Азербайжандын бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы учурдагы өлкө башчы Илхам Алиевдин талапкерлигин кайрадан президенттикке көрсөттү.

Маалым болгондой, Азербайжанда ушул жылы 17-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Анда Илхам Алиев кайрадан президенттикке талапкер болот. Бул тууралуу партиянын аткаруучу катчысы Али Ахмедов билдирген.

Ахмедов шайлоодо жаштар да Илхам Алиевдиин талапкерлигин колдоп бере турганына ишеничи чоң экенин кошумчалаган.

Илхам Алиев Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевдин уулу. Анын атасы өлкөнү 1993-2003 жылдар аралыгында башкарган. Илхам Алиев болсо 2003-жылдан бери бийлик башында келе жатат. Ал муну менен төртүнчү ирет президенттикке талапкер болууда. Ал эми Илхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева болсо бир канча жылдан бери өлкөнүн вице-президенти кызматын аркалап келе жатат.