Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Африндин Буки айылындагы чабуулда 15 түрк аскери набыт кетти.

Сириянын “Демократиялык” күчтөрдүн маалыматтар булагы бул аскердин Африндеги Буки аймагына болгон чабуулунда 15 түрк аскери өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Tasnim агенттигинин Russia al-Yaum каналына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сириялык демократиялык күчтөр тобу Африндеги операциясында 15 түрк аскерин өлтүрүп бир нечесин жарадар кылганын жарыялаган. Белгилей кетсек, Түркия аскери өткөн ишембиден тарта Африндин чет жакаларында жай алышкан “Элдик коргоо”бөлүмдөрүнө тиешелүү болгон сепаратистттерди чыгаруу максатында “Зейтун бутагы” аталган операциясын баштаган эле. Эске салсак, Түркия өкмөтү “Элдик коргоо” бөлүмүн террорчулардан түзүлгөн топ катары тааныйт жана Американын бул топко көмөктөшүүсүн сынга алып келет. Ал эми бул тууралуу Түркиянын Коргоо министри Нуруддин Жанкили мындай деген: “Түркия элин коргоо максатында Зейтун бутагы операциясын улантуубуз зарыл. Африндин тагдыры Эфрат калканындагыдай болмокчу жана сириялыктар өз мекендерине кайтып келишмекчи.”