Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Американын ракеталык сынагы ишке ашкан жок.

Американын Ракеталык коргонуу системасынын сынагы ийгиликсиз өттү. Tasnim агенттигинин Америка ЖМКасына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, америкалык аскердин баллистикалык ракетасынын сыноосу ишке ашпай калды. Американын Ракеталык коргонуу агенттиги бул ракеталык сыноо өткөрүлгөнүн, бирок жакшы натыйжаларга алып келбегинин билдирген. Белгилей кетсек, ракета Гавайда ракета курулуштарынан шаршемби күнү аттырылган. Ал эми америкалык аткаминерлердин айтымында жерден аттырылган ракета Гавайдагы бир учактан ыргытылган ракетаны кесип өтө алган эмес. Эске салсак, бул өткөн бир жылдын ичинде “Raytheon" компаниясынын SM-3 Block IIA маркасындагы ишке ашпаган экинчи ракеталык сынагы болуп саналат.