Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Өзбекстандын Улуттук Коопсуздук Уюмунун жетекчиси милдеттен четтетилди.

Өзбекстан УКУсунун 73 жаштагы жетекчиси өлкөнүн президентинин буйругу менен милдеттен четтетилди. Fars агенттиги Дүйшөбүдөн маалымдоосуна ылайык, Рустам Иноятов 22 жылдан ашуун Өзбекстан УКУсун жетектеп келген. Ал эми кечээ өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен өз милдетинен четтетилген. Берилген маалыматтарга караштуу, Иноятов 25-январда отставкага кетүү боюнча өз аразыны президентке берген эле. Анын бул өтүнүчү кабылданып, учурда анын ордуна УКУнун жаңы президенти болуп Ихтияр Абуллаев шайланды. Ошондой эле Өзбекстан президентинин өкмөттүк кеңешчиси Атабек Мурадов Өзбекстандын Башкы прокурору болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев өзүнүн жылдык отчетунда, 2017-жылдын аягында парламентке кайрылуу менен өлкөнүн УКУсунда өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул түзүлүшкө жаңы мыйзамдарды киргизүү зарылдыгын баса белгилеп кеткен.