Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Кытай мечитиндеги 700 жылдык Куран жазмасы+(фото).

Кытайдагы “Сиань” чоң мечити Кытайдын диндер тарыхы менен мусулмандардын диний мурасын камтыган мечит. IQNA агенттиги The News гезитине шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Мин династиясында курулуп, Чин династиясында толукталган бул мечит Кытайдын Shaanxi провинциясында жайгашкан. Сиань мечитинин дубалдарында Куран китеби толук түрдө кол жазма менен чегилип, Ислам өнөрүн чагылдырып турат. 1995-жылы бул мечит тарыхый-маданий жер катары таанытылып, Шэньси өкмөтү аркылуу колдоого алынган. Учурда бул мечитте Хуэй мусулмандар диаспоралары намаз окуп, ибадат амалдарын аткарышат.