Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Ирандагы катуу карлар

Ирандын түндүк, чыгыш жана батыш провинцияларындагы мектептер катуу жааган кардан соң убактылуу жабылды. Рarstoday: Тегерандын билим берүү башкармалыгы кечээги катуу кардан жана аба ырайдын суугунан улам бардык мектептер убактылуу жабылганын кабарлаган.
Тегерандан тышкары өлкөнүн бир канча провинцияларында, алардын ичинде Альборз, Хамедан, Керманшах, Ардебилдеги мектептер жабылган.
Ошондой эле Ирандын Транспорт жана Жол өнөр жай министрлиги коопсуздуктун жетишсиздигине себептүү өлкөнүн түндүк жана батышындагы айрым жолдорду жабууга буйрук берген.
Мындан тышкары айрым аэропорттор; эл аралык Имам Хамейни аэропорту жабылган.
Учурда Тегерандагы аба ырай -5, -6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Белгилей кетсек, Иранда быйылкы кышта биринчи ирет мындай кар жаашы. Албетте аба ырайдын чукул өзгөрүүсү ирандыктарды катуу кубандырды. Анткени бул өлкөдө акыркы жылдары кургакчылык болуп жаткан.