Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Орусия,ИранжанаТүркияАфринбоюнчасүйлөшүү жүргүзөт

Орусия Сириянын Африн шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу максатында Иран, Түркия жана Орусиянын ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылды.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Мамлекеттик думасынын коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Владимир Шаманов Сириянын Африн шаарындагы кырдаалды чечүү үчүн Иран, Орусия жана Түркиянын ортосунда сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады.
“Түркиянын Африндеги иш-аракети улантылбайт”, - деди Шаманов билдирүүсүндө.
Эскерте кетесек, Түркия армиясы өткөн ишемби күндөн баштап Сириянын Африн аймагындагы Күрдстан жумушчу партиясынын күрттөрүнө каршы операция башташкан.
Аймактагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Иран менен Орусия бул иш-аракет боюнча Түркияга эскертүү беришип, аскердик операция аймактагы абалды дагы курчутушу мүмкүн деп билдиришкен эле.