Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Давосто Трампка каршы нааразычылык акциясы өттү

Дүйнөлүк экономикалык форум өтүп жаткан Давос аймагында, АКШ президенти Трампка каршы нааразычылык акциясы уюштурулду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Анда өздөрүн глобалисттер деген активисттер Трампка акаарат келтирген сөздөр жазылган плакаттарды Давостун так ортосуна алып келип илишкен. Алардын айтымында, Трамп жакында эле Африка, Гаитинин жарандарын кемсинткени үчүн, мындай адамга Давосто орун жок.

Бирок, нааразычылык акциясы көпкө созулган жок. Швейцария полициясы нааразычылык акциясына чыккандарды кубалап, алардын плакаттарын айрып салышты.

АКШ президенти Трамп шаршемби күнү барып, жума күнү форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө сөз сүйлөйт.

Маалым болгондой, Давос форумунун тарыхында АКШнын президенттеринен алгачкы ирет 2000-жылы Билл Клинтон катышкан. Ал эми Трамп бул форумга катышып жаткан экинчи америкалык президент болмокчу.