Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Путин менен Эрдоган Сирия маселесин сүйлөштү

Кечээ кечинде Орусия президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Эрдоган телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.

Эки лидер бул сүйлөшүүдө Сириядагы азыркы абалды талкуулаган. Анын ичинде Түркиянын Африндеги аскердик операциясы тууралуу да талкуулашты.

Эки тарап Сирия маселесинде кызматташтыкты улантып, кризисти чечүүнү активдештирүү керектигин белгиледи. Ошондой эле 29-30-январда Сочиде өтө турган Сириянын улуттук диалогу үчүн Конгресси тууралуу да талкуулашкан.